Каныбек Осмоналиев менен Германиянын элчиси Гудрун Срэга диний кырдаалды талкуулашты

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев 12-мартта Германиянын кыргыз мамлекетиндеги элчиси Гудрун Срэга менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, жолугушууда республикадагы диний кырдаал талкууланды. 

“1991-жылы “Кыргыз Республикасында диний ынанымдардын жана диний уюмдардын эркиндиги жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, 10 адамдан кем болбогон диний уюмдар юридикалык жак катары катталууга укук алышкан. Жыйынтыгында республикада көптөгөн диний уюмдар каттоодон өтүшкөн. Коңшу республикаларда алардын айрымдары каттатылган эмес. Андыктан 2009-жылы аталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, каттоодон өтүү үчүн 200 адамдын зарылдыгы белгиленген. Былтыр кабыл алынган дин жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы 2014-2020-жылдарга карата диний саясаттын конкреттүү багыттарын аныктаган”,- дейт депутат.

Тараптар чет өлкөлүк адистерди чакыруу менен республикадагы диний кырдаалды талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурууну да талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан