Дүйнө коомчулугу Путиндин бир аптадан бери элге көрүнбөй жатканын талкуулоодо

Абройлуу орусиялык жана чет элдик басылмалар учурда "Орусиянын президенти Владимир Путин кайда жоголуп кетти?" деген суроого жооп издешүүдө. Буга өлкө лидеринин бир аптадан бери коомчулукка көрүнбөй жатышы жана пландалган маанилүү жолугушууларды артка жылдыруусу себеп болууда.
Путинди коомчулук акыркы жолу 5-мартта телеберүүдө көргөн. Анда президент Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен жолугушкан. Ошондон бери коомчулук алдына чыга элек. "12-13-мартта Казакстанга болуучу иш сапарынын белгисиз мөөнөткө жылдырылышы Орусия президентинин ооруп калганына байланыштуу",- деп жазышкан ММКлар. 8-мартта Путин Кремлде аялдарды куттуктаганы жарыяланган. Бирок орусиялык айрым басылмалар бул видеотасма алдын ала, 5-мартта тартылганын жарыялашты. 
Мунун баарына Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков"Президенттин ден соолугу чың. Ал расмий эмес жолугушууларды өткөрүп жүрөт",- деп жооп берген.
Бул маселе интернеттеги социалдык тармактарда чоң талкууга алынып жатат. Айрым интернет колдонуучулар "Сталин 5-мартта курман болгон. Путин да 5-мартта акыркы жолу коомчулуктун астында чыгыптыр. Кабатыр болуп жатам" деп жазышты.
Айта кетсек, Орусиянын Конституциясына ылайык, президенттен кийинки жогорку кызматтагы адам вице-президент болуп саналат, бирок бул орун 1993-жылдан бери бош. Андан кийин орундарда Министрлер кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан