Ош облусундагы жол тейлөө ишканалары тарабынан жалпысынан узундугу 2716,2 чакырымды түзгөн жолдор тейленет. Былтыр унаа жолдорунда аткарылган иштерге 321 миллион 444 миң сом жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта маалымат жыйынында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Ички жолдорду оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен жана элдин салымынын эсебинен 98 миллион сомдук иштер аткарылды",- деди С.Жээнбеков.