Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган делегация бүгүн, 13-мартта Түркмөнстандын борбору Ашхабадга учуп кетти. Делегация 14-мартта Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөрү аралык комиссиясынын биринчи отурумуна катышат.
Өкмөттөн билдиришкендей, жыйында отун-энергетика комплекси, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим, социалдык өнүгүү, миграция, транспорт жана башка тармактар боюнча кызматташууга тийиштүү маселелер каралганы жатат.
Мындан тышкары комиссиянын кийинки отурумун өткөрүү датасы такталат.