Ош облусунун аймагында эки жыл аралыгында 66 бала бакча курулган. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"2013-жылга чейин облус аймагында 197 бала бакча бар болчу. Учурда алардын саны 263кө жетти. Акыркы эки жыл аралыгында жаңы курулуп, ишке берилген бала бакчалардын саны 66ны түзүүдө. Бүгүнкү күндө башка колго өтүп кеткен бала бакчалардын саны облус боюнча 51ге жетет, алардын ичинен 3 бала бакча кайра кайтарылып берилген, ал эми жетөө соттук териштирүүдө каралып жатат. Андан сырткары убагында менчиктештирилип жана сатылып кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу иштери улантылууда",- деди С.Жээнбеков.