Японияда өтүп жаткан өзгөчө кырдаалдарды кыскартуу боюнча дүйнөлүк конференцияга кыргыз делегациясы катышууда

Бүгүн, 13-мартта Япониянын Сендай шаарында өтүп жаткан өзгөчө кырдаалдарды азайтуу боюнча дүйнөлүк конференцияга кыргыз делегациясы катышууда. 

Делегациянын башчысы Кубатбек Бооронов өз сөзүндө Борбордук Азия менен Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдардын санын азайтууга багытталган бирдиктүү ишине токтолуп: "Адамдардын өмүрүн алып, экономикалык жактан да зыян алып келген жаратылыш кырсыктары мамлекеттик чек аралар деп бөлүп карабайт. Бүгүнкү Борбордук Азия менен Түштүк Кавказдын билдирүүсүндө табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюудагы аракеттер жазылган",- деди.

Айта кетсек, 11 өкүлдөн турган кыргыз делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, билим берүү министри Эльвира Сариева, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан