Соода борборунда лифтти оңдоп жатып каза тапкандар коопсуздук эрежелерин сакташпаганы аныкталды

Борбор калаадагы "Айчүрөк" соода борборунда лифтти оңдоп жатып 6-кабаттан кулап каза тапкан 2 жаран коопсуздук эрежелерин сакташпаганы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, каза тапкан жарандар "Байсал" аттуу курулуш ишканасында ширеткич болуп иштеп келишкен. Алар бүгүн эртең менен мурунку лифттерде оңдоо иштерин жүргүзүшмөк. Бирок алар эч кандай коопсуздук эрежелерин сактабастан, өздөрү жасаган убактылуу лифтти колдонушкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкан Кубаныч Эстебесов жана Алтынбек Алиев жасалма лифтте оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда аны кармап туруучу жабдыгы үзүлүп кеткен. Натыйжада алар 6-кабаттын деңгээлиндеги бийиктиктен ылдый кулап мерт болушкан. 

Айта кетсек, буга чейин бул факт боюнча кылмыш иши козголгондугун Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eldar96
2015-03-13 15:53:51
бир нерсе деш кыйын
0
Bektur2
2015-03-13 17:14:38
Озу кыйшык болсо да акчалулар суйлосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан