Шаардык канализация мекемеси күнүгө 24 чакырым жердин люктарын текшерүүгө алат. Бул тууралуу ведомствонун башкы инженери Иван Ликий SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, бардыгы болуп Шаардык канализациянын карамагында 20 566 люк бар.
“Бизде акыркы 2 жылдан бери люктардын капкактарын уурдоо фактылары каттала элек. Болгону оор жүк ташуучу унаалар өтүп баратып сындырып кетиши мүмкүн. Андайларды дароо алмаштырабыз. Бирок Бишкектеги люктардын баары бизге тиешелүү эмес. Суу түтүк, көгүлтүр от, жылуулук тармактын да канализациялык люктары болот. Алардын кудуктарынын канчасы капкагы менен, канчасынын капкагы жоктугун айта албайм”,- дейт Ликий.