"Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала өзүнө келип, жакшы болмоюнча ооруканадан чыкпайт". Мындай маалыматты бүгүн,18-мартта SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
"Учурда бала сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, салмак кошуп, кичине толуп калды, бирок абалында олуттуу өзгөрүүлөр жок. Дарыгерлер анын абалын күнү-түнү көзөмөлдөп, ал тиешелүү дарылануудан өтүүдө",- дейт Т.Өмүрбеков.
Дарыгердин айтымында, мындай кордукту көргөн наристе толугу менен айыгып, өзүнө келмейинче ооруканадан чыгарылбайт. Айта кетчү нерсе, баланын абалын көзөмөлдөгөн дарыгерлер жана кайдыгер эмес жарандар жакынкы убакыт аралыгында анын ойногонун көрөбүз деген үмүттө.