Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасындагы Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - аталган мыйзамдагы бири-бирин кайталаган, коллизиялык жана эскирген ченемдерди жоюу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.