“Өлкөдө бир дагы ири ишкана, завод ишке бериле элек. Бирок акыркы 3 жыл ичинде бюджеттин кирешеси 2 эсе көбөйдү". Бул тууралуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 20-мартта Ала-Тоо конушундагы иш-чаралардын биринде айтты.
“Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган кезде мекеменин кирешеси 3 жылда 3 эсе көбөйгөн. Бул акчалар мурун Акаев, Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөнтөктөрүнө кетчү. Бирок мындан ары бул сыяктуу көрүнүштөр токтойт. Күйөөң болобу, өзүң болосуңбу, мыйзам бузсаң жооп беришиң керек. Биздин министрлер да, прокурорлор да, соттор да - баары эртели-кеч көнөт бул ишке. Анткени кыргыз жеринде кол тийбес эч ким жок”,- деди өлкө башчы.
Президент келерки парламенттик шайлоодо эл куру убадаларга алданбашы керектигин эскертти.
“Азыр “парламент жаман, депутат жаман” деген сөздөрдү көп угасың. Өзүбүз шайлап, аларга добуш бергенден кийин эми чыдаш керек. Күзүндө кайрадан шайлоо болот, бешбармак, арак таратышат... Эки жарым жылдан кийин президенттик шайлоо болот, анда да кылдат ойлонуп шайлагыла. Анткени азыр кыргыз мамлекети туура жол менен бара жатат. 3 жыл мурун салынып баштаган "Датка-Кемин" линиясы күзгө чейин бүткөнү турат. Буга чейин өзүбүздүн электр энергияны Токтогул ГЭСинен Өзбекстан аркылуу алып келип, жыл сайын 8 миллион доллар төлөчүбүз. Кийинки жылы Камбар-Ата-2 ГЭСи толук кандуу иштеп калат”,- деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.