Ишенбай Кадырбеков, эксперт: "Кумтөрдү" улутташтырууда эл аралык сот бизге эч нерсе кыла албайт"

"Кумтөрдү" улутташтыруу процессинде кыргыз мамлекетине эл аралык соттор коркунучтуу эмес. Бул тууралуу 20-мартта Бишкекте "Кумтөрдүн" мүлкүн улутташтырууга багытталган мыйзам долбоору боюнча өтүп жаткан коомдук угууда көз карандысыз эксперт Ишенбай Кадырбеков билдирди. Эксперт улутташтыруу көз карандысыз мамлекеттин жеке укугу экенин белгилейт. "Эл аралык сот бизге эч нерсе кыла албайт, эгемендүү мамлекеттин мыйзамдарын эч ким жокко чыгара албайт. Керек болсо соттук иштер улуттук сотто, башкача айтканда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралышы керек",- деди Кадырбеков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан