Ошто "Кыргыз тарыхындагы немистер" аттуу көргөзмө өтөт

Оштогу Улуттук корук-музейинде 27-март күнү "Кыргыз тарыхындагы немистер" аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондунан билдиришти.

Көргөзмөнүн алкагында 27-28-март күндөрү немис кинематографиясындагы "Гудбай, Ленин!", "Берндин керемети", "Софи Шоллдун акыркы күндөрү", "Башкалардын жашоосу" өңдүү тасмалар көрсөтүлөт. 

Көргөзмөнүн негизги максаты - кыргыз жериндеги немистердин Кыргыз Республикасы менен Германиянын экономика, кызматташтыгына кошкон салымын дүйнө коомчулугуна көрсөтүү. Көргөзмөгө келгендерге музейдин тажрыйбалуу педагогдору немис элинин маданиятын айтып беришет. 

Иш-чараны "Кыргыз жергесиндеги немистердин элдик кеңеши", Германиянын КРдагы элчилиги, Гёте институту, "Интергласс" компаниясы жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштурууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан