Бишкекте 41 жаштагы дарыканачыны дарыканада зордуктаган эркек кармалды
Изи сууй электе кылмышка шектүү адам кармалганын Бишкек ШИИБинен билдиришти. 6-ноябрдан 7-ноябрга оогон түнү Бишкек ШИИБинин нөөмөт кайгуул кызматы тарабынан шаардын тургуну Ч.Ч. кармалган. Ага "Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын биринде күч колдонуп ошол дарыкананын 41 жаштагы сатуучусун зордуктаган" деген айып тагылууда. Бул факты боюнча иликтөө башталган. Экспертиза да белгиленди.