Бүгүн, 20-мартта Ош шаарындагы бир катар аймактарда Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Амир-Темир аймактык кеңешинде өткөн салтанаттын алкагында улуттук тамак-аштын көргөзмөсү уюштурулуп, кыз узатуу сыяктуу улуттук салт-санаалар көрсөтүлдү. Иш-чарага шаардын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу жана бир катар жооптуу кызматкерлер, жергиликтүү тургундар катышты.