Бүгүн Алмазбек Атамбаев расмий иш сапар менен Австрия өлкөсүнө жол тартты

Бүгүн, 22-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий иш сапар менен Австрия өлкөсүнө жол тартты. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, расмий сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Австриянын президенти Хайнц Фишер, Австриянын парламентинин Жогорку палатасынын төрагасы Соня Цвацл менен жолугушуп, Кыргыз-Австрия бизнес-форумуна катышат. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев баңгизаттар жана кылмыш боюнча БУУ Башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов, ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле өлкө башчы 25-мартта Францияга, 26-мартта Швейцария Конфедерациясына, 26-мартта Бельгия Падышалыгына, 31-мартта Германия Федеративдүү Республикасына барат. Алмазбек Атамбаевдин Европа союзунун өлкөлөрүнө жасаган сапарынын алкактарында саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюу болжолдонууда. Бул иш сапар кыргыз өлкөсүнүн Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германия жана Европа союзунун институттары менен саясий диалогун тереңдетүүгө жана мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан