Орусиянын Свердловск шаарындагы жол кырсыгынан каза тапкан Кыргыз Республикасынын 5 жаранынын жакындарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан каза тапкан 31 жаштагы Музафар Мамасадыков, 27 жаштагы Ирода Мамасадыкова, 19 жаштагы Дилмурод Мамасадыков, 15 жаштагы Нубина Мамасадыкова жана 2 жаштагы Ахматбек Мамасадыковдун жакындарына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев көңүл айтып, резервдик фонддон 30 миң сом акчалай жардам көрсөттү.