Муфтий Максат ажы Токтомушев атайын иш сапарында Ош облусунун казыятынын жамааты менен жолугуп, казыяттын имаратын куруу иш-аракеттери боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу казыяттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, муфтий жамааттын ар-биринин сунушун, альтернативаларды угуп, казыяттын имаратын "Ат-Термизий" мечитинин аймагына куруу боюнча чечим кабыл алды. Эскерте кетсек, казыяттын имараты үч кабаттан туруп, мечит, кеңсе, окуу залы жана мейманканасы менен курулмакчы.