Салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү

Мамлекеттик салык кызматы 23-марттан баштап күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү, саат 9:00дөн 00:00гө чейин жеке жактардан декларацияларды кабыл алууда. Бардык аймактык салык органдарынын мындай режимде иштөөсү 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабынын бүткөн күнү – 31-мартка чейин созулат.

"31-мартка чейин жеке жактар: мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларацияны берүүгө милдеттүү",- деп билдиришти мекемеден.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом өлчөмүндө айып салынмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан