Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров баштаган делегация 16-20-март күндөрү Түркиянын Измир шаарында болду. Иш сапардын максаты - социалдык камсыздоо жаатында Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. ТИМдин маалымат кызматына таянсак, макулдашуу эки өлкөнүн аталган тармакта кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган.
Сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунда долбоор дыкат талкууланып, жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлду. Сүйлөшүүлөрдүн 2-раундун 2015-жылдын май же сентябрь айларында Бишкекте өткөрүү макулдашылганы айтылды.