Берлинде ар улуттун катышуусунда Нооруз майрамы белгиленди

Берлиндеги Этнологиялык музейде 22-март күнү Нооруз майрамы белгиленди. Ага Кыргыз Республикасы, Ооганстан, Азербайжан, Ирак, Иран, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандын Германиядагы элчиликтеринин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага келген коноктор ар улуттун маданияты менен таанышып, концерттик программага күбө болушту. У.Абдырасулова менен М.Кубатова кыргыз ырларын ырдап, комуз чертип көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзышты. Кийизден жасалган кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук кийимдер жана сувенирлер өзгөчө кызыгууну жаратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан