Бүгүн, 23-мартта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүндө 2-апрелге чейин өтүүчү расмий иш сапары Австриянын президенти Хайнц Фишердин резиденциясынан тосуп алуу менен башталды. Резиденциянын аянтында жүргөн жергиликтүү тургундар менен туристтер да жолугушууну көрүүгө кызыгышты. Эки өлкөнүн гимни ойнотулган соң, Хофбург атындагы президенттик ак сарайда өтүп жаткан жолугушууда эки өлкөнүн башчылары чай үстүндө кыска убакытка баарлашып, биринчи айымдардын катышуусунда эстеликке сүрөткө түшүштү.