Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргыз жараны Асыркан Шаменовдун сөөгү көмүлгөн жер аныкталды. Тагыраак айтканда, мекендешибиздин сөөгү Литва өлкөсүндө жерге берилген. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, А.Шаменов Нарын облусунун Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында 1904-жылы туулган. Айылда тракторчу болуп эмгектенген. 1930-жылы үйлөнүп, 2 кыз, 2 уулдун атасы болгон.
1941-жылы райондук аскердик комиссариаты аны Советтик Армиянын катарына чакырган. Бул жылы анын кичүү уулу Курманбек туулган.
Согушта А.Шаменов 145-зениттик-аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. Бүгүнкү күнгө чейин Шаменовдун аты Улуу Ата Мекендик согуштун дайынсыз жоголгон катышуучу-аскерлеринин тизмесинде болуп келген, ал эми анын туугандарынын жана жакындарынын ал жөнүндө маалыматы жок болчу. Аталган ассоциация "Жеңиштин ысымдары" акциясынын алкагында Шаменовдун согуштагы тагдырын изилдеп, төмөнкүдөй маалыматка ээ болду:
1944-жылы күзүндө А.Шаменов Литванын Мемель (Клайпеда) шаарын курчоо боюнча аскердик операцияга катышкан. Согушта анын башына ок тийип, ошол жылдын октябрь айында курман болгон. Анын сөөгү Литва ССРинин Цитовяны жергесинде көмүлгөн.
Азыркы тапта А.Шаменовдун 75 жаштагы уулу Мусамамбет, 75 небереси, 27 чөбөрөсү жана 12 кыбырасы бар.