Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти: "Бала бакчанын 2-кабатынан кулаган баланын абалы оор"

Борбор калаадагы Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113-"Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен кулап кеткен 1 жаш 9 айлык наристенин абалы оор бойдон калууда. Ал баш мээсинен жаракат алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз катчысы Аскар Эргешев билдирди. 

"Учурда баланын абалы оор бойдон калууда, ал №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ооруканага наристени анын эки таежеси алып келишкен. Алардын бири бала 2-кабаттуу керебеттин 2-кабатынан кулады десе, экинчиси 2-кабаттан кулады деп айткан. Бала бакча жеке менчик экендиги дагы аныкталды. Бала ыйлап, сырткы таасирлерге реакция жасап жатат. Ага керектүү дары-дармектердин баары бар, дарыгерлер анын абалын көзөмөлдөөдө",- деди А.Эргешев. 

Анын айтымында, учурда бала 2-кабаттуу керебеттен же 2-кабаттан кулаганын аныктоо иштери жүрүүдө. Баса белгилеп кетчү нерсе, бул окуя боюнча "Тез жардамга" эч кандай билдирүү жана чакыруу болгон эмес. Ал эми бала бакчанын директору айрым маалымат каражаттарына "Тез жардам" кызматын чакырышканын айткан болчу. 

Айта кетсек, бүгүн, 23-мартта болжол менен саат 11:45 чамасында №113-"Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен кичинекей бала кулап кеткен. Окуянын күбөсү Жыпара Сыдыкова баланы көрүп калып, жардамга чакырган. Ал өз сөзүндө "Тез жардам" чакыргыла десем, бала бакчанын кызматкерлери болбой, мени урушуп, кууп чыгышты" деп билдирген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
emin
2015-03-23 18:48:38
жана 4жаш эми 1жаш 9ай болуп калдыбы?же мен туура эмес окудумбу?
0
alailyk-kyz
2015-03-23 19:23:04
ал жеке менчик эмес окмотко эле карайт.1000сом эле болот айына.
0
33SUUN
2015-03-23 20:58:25
Эмне болсо да баланы Кудайым озу олумдон алыс кылсын.Чын ден соолук узун омур берсин.
+1
killer-star
2015-03-23 23:58:16
Кудайым омурун берсин эн негизгиси ошолда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан