Кыргыз жеринде быйыл 138 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда

Кыргыз жеринде 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 138,7 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Быйыл 2 көпүрө курулуп, 9 көпүрө оңдоодон өткөрүлмөкчү. Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барган транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Кочкор-Коммунизм унаа жолун оңдоо иштери менен таанышты. 
Министр 5-марттан тарта Чүй облусунун Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда жол чуңкурларын жамоо иштери башталганын билдирди. Чүйдө быйылкы сезондо 22 чакырым жол капиталдык оңдоодон өткөрүлөрү, 17 чакырым жол жамалары айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан