Бүгүн, 23-мартта мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаевдин Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарында аталган өлкөнүн президенти
Хайнц Фишер маалымат жыйынды төмөндөгүдөй сөз менен баштады:
"Мындан эки жыл мурун мен батыштын биринчи өкүлү жана европалык мамлекеттин башчысы катары расмий иш сапарым менен Кыргыз Республикасына барып келгениме кубанычта болгонмун. Ошол иш сапарымда президент Алмазбек Атамбаевди биздин өлкөгө келип кетүүгө чакыргам. Минтип арадан эки жыл өткөндөн кийин Алмазбек Атамбаевдин расмий иш сапары менен Венага келгенине кубанычтамын".
Фишердин айтымында, Кыргыз Республикасы - Борбор Азияда жайгашкан парламенттик башкаруу жолун жолдогон жана демократиялык өнүгүүнү жактаган мамлекет.
"Демократиянын ажырагыс бөлүгү - адам укугун коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү. Кыргыз мамлекетинин жакында эле Вена шаарында жайгашкан Эл аралык антикоррупциялык академияга киргенин угуп сүйүндүм. Мындан ары инвестицияга демилге берүү тууралуу макулдашуу, полиция тармагындагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Ошондой эле кыргыз өлкөсү жакын арада кире турган Бажы союзу, Евразиялык экономикалык биримдиги тууралуу талкууладык. Бул боюнча Австриянын позициясы мындай: чечим бир гана кыргыз өлкөсү тарабынан кабыл алынышы керек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы Европалык союз менен экономикалык байланыштарын өнүктүрө турган болсо, анда Вена бул чечимди кубаттоого алат. Украина боюнча да сүйлөшүүлөр орун алды, бирок муну түшкү тамактануу учурунда улантууну туура көрдүк. Анткени бул көбүрөөк убакытты талап кылат жана европалык саясатка да тиешелүү маселе",- деди.