Алмазбек Атамбаев Австриянын борбору Вена шаарынын кооздугуна суктанганын айтты
Президенттик "Хофбург" резиденциясынын кире бериши
Бүгүн, 23-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын жүрүшүндө аталган өлкөнүн борбору Вена шаарынын кооздугуна суктанганын айтты. "Мен көп өлкөлөрдү, көп шаарларды көргөм, бирок Вена мени аябай кызыктырды. Бир эле мен эмес, делегациянын бардык өкүлдөрү да шаардын кооздугуна суктанып жатышат. Мындай шаарда жашаган калкка карата сый сезими да ойгонот",- деди.