Айбермет Кутуева юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти. 32 жаштагы Айбермет Кутуева буга чейин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгын жетектеп келген.
Туулган жылы - 1983-жыл;
Билими - жогорку, адистиги - юрист.
Илимий даражасы - юридика илиминин кандидаты.