Бүгүн, 23-мартта президент
Алмазбек Атамбаев Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарында аталган өлкөнүн башчысы
Хайнц Фишер менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Бизди бул сапар Европанын 5 өлкөсү чакырып отурат. Бул мамлекеттер Кыргыз Республикасынын демократиялык жана светтик коом куруп кете аларына ишенди. Биз да саясий, экономикалык тармактарда мамиленин жаңы баскычын күтүп жатабыз",- деди Алмазбек Атамбаев.
Ал эми Хайнц Фишердин айтымында, Европанын өзүндө да, сыртында да мамлекет башчыларынын 2 жылда 2 ирет жолугуп туруусу чанда кезикчү көрүнүш. "Бул жогорку деңгээлдеги кызматташуунун белгиси",- деди Австриянын президенти.