Бүгүн, 23-мартта президент
Алмазбек Атамбаев Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарында аталган өлкөнүн башчысы
Хайнц Фишер менен жолугушуусунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп узатты. Анда австриялык медиаөкүлдөр тарабынан Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга кирүүсү жана Кантта жайгашкан Орусиянын аскердик базасы тууралуу суроо да берилди.
"Кыргыз мамлекетинин Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү көбүнесе Евразиялык союз менен Европалык союздун мамилесинин жакындоосуна жардам берет. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербургдагы жолугушууда, бүгүнкү Хайнц Фишер менен болуп өткөн жолугушууда да Германиянын канцлери Ангела Меркелдин сөзүн эстедик. Меркель "Европа Брюсселден баштап Владивостокко чейин болсун" деп айтат. Путин болсо "Европа Лиссабондон баштап Владивостокко чейин созулсун" дейт. Ал эми биз өзүбүздүн атыбыздан Европанын жок дегенде Бишкекке чейин болуусун каалайт элек",- деди Алмазбек Атамбаев.
Аскердик базага байланыштуу суроого кыргыз мамлекет башчысы мындайча жооп берди: "Бул база кыргыз жеринде дагы 15 жылдай болот. Борбордук Азия жана Ооганстандагы кырдаалдын курчуп баштаганын эске алганда, "Ислам мамлекети" боюнча соңку окуялардын өнүгүп жатканын эсепке алуу менен орусиялык аскердик базадан белгилүү бир колдоо болуп турат.
Белгилүү болгондой, "Ислам мамлекетинин" халифтеринин бири "Борбордук Азияда, Фергана өрөөнүндө ислам халифатынын провинцияларынын бири курулушу керек" деп жатыптыр. Алардын болочоктогу чабуулдарын кайтаруу үчүн бизге бир гана Орусия жардам берүүдө. Жашырбайын, курал-жарактары жана ок-дарылары менен даярдык көрүүгө колдоо көрсөтүп жатат. Анткени бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы өз армиясын эми куруп баштады. Эгерде Европалык союз кыргыз өлкөсүнө аскердик жардам берем десе, биз буга кубанычта гана болобуз".