Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Сингапурдун президенти Тони Тан Кен Ямга өлкөнүн биринчи премьер-министри Ли Куан Юнун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу 24-мартта президенттик аппараттан билдиришти. "Бул Сингапур үчүн гана эмес, өз күчүнө таянып туруктуу өнүгүү багытында бара жаткан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн оор жана орду толгус жоготуу",- деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.