"Машина алып келип берем" деп 3 адамдан акча өндүргөн шылуун колго түштү
Бишкек шаарында 7-ноябрь күнү милицияга арызы менен 3 адам кайрылды. Алар Тилек аттуу адам 2010-жылы "унаа сатып келип берем" деп акча алып алдап кеткенин айтып, укук коргоо органдарынан аны кармап, жоопко тартууга жардам берүүнү өтүнүшкөн. Аталган Тилек аттуу жаран жабырлануучулардын биринен 6 миң, экинчисинен 13 миң, үчүнчүсүнөн 15 миң АКШ долларын алдап алып, дайынын таптырбай кеткен. Милициянын участкалык инспекторлору чара көрүп, 1975-жылы туулган Тилек М. аттуу шектүүнү кармашты. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.