Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев АКШда иш сапары менен жүрөт

Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев АКШнын Нью-Йорк шаарында иш сапары менен жүрөт. Аталган министрликтин маалымат кызматына таянсак, иш сапарынын алкагында министр Монголиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Цэрэндэжидийн Бямбажав менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, мунун ичинде коргоо багытындагы макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу пикир алышты. 
Мындан тышкары тынчтыкты орнотуу операциялары боюнча БУУнун башкы катчысынын орун басары Атул Кхар менен сүйлөшүү жүргүздү.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан