Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Бишкекте 26-27-март күндөрү кыргыз-казак жаштар уюмдарынын жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуунун максаты - узак мөөнөттүү маданий-гуманитардык кызматташтык программасынын алкагында жасалчу биргелешкен иш-чараларды талкуулоо. Министрликтин маалымат кызматына таянсак, иш-чарага казакстандык 11, кыргыз өлкөсүнүн 27 жаштар уюму катышты. Талкууланган темалар:
"Кыргыз мамлекети менен Казакстандын жаштарынын кызматташуусу, жетишкендиктер жана келечек";
"Жаштар менен иштөө боюнча жаштар уюмдарынын алдынкы ыкмалары";
"Узак мөөнөттүү кызматташтыктын алкагында байланышты күчөтүү боюнча сунуштамалар".
Жолугушуунун аягында атайын сунуштамалар жана жасалчу иштердин планы иштелип чыкты.