1-май, 5-май, 9-май, 11-май өлкөдө дем алыш күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-Май - Улуу Жеңиш күнү ишембиге туура келип калгандыктан, 5 күндүк жумушчу графиги менен иштегендер үчүн дем алыш күн 11-майга жылдырылат.
Айта кетсек, Эмгек кодексинде 1-Май – Эмгек күнү, 5-Май – Конституция күнү жана 9-Май – Улуу Жеңиш күнү дем алыш күндөрү деп бекитилген.