Чүйдүн тургуну Адолат Заипова: "Ыйыбызды уга турган адам табылды"

Чүй облусунун Москва районуна караштуу 1-Май айылында төрт кабаттуу үйдүн курулганына 40 жыл болду. Бирок имарат ушул убакка чейин бир да жолу оңдолгон эмес. Акыркы 12 жылдан бери имараттын чатырынан суу агып, үйдүн тургундарынын жашоо шарты кейиштүү абалга келген.   
Жергиликтүү жашоочулардын маселени чечүү максатында какпаган эшиги калбаган. Үмүтү үзүлүп жаткан элге Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев кол сунуп, маселени бир айга жетпеген аралыкта чечти. Өз үйүнөн безип калган тургундардын коломтосунун отун улап, учурда төбөсү түшкөн имараттын чатырын жаап берди. Жылдар бою сыздап келген элдин жакшы жашоого ишеничи жаралды. Ал эми үйдүн тургуну Адолат Заипова "ыйыбызды уга турган адам табылды" деп депутатка терең ыраазычылыгын билдирди.  


кошулду
Жаз менен кошо жаңы үмүттөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
baba.
2015-04-14 11:00:30
Жакшы ото жакшы...кубанарлык жанылык экен.Бирок...мурда каякта жургон экен бул партия.Шайлоо жакындадыбы же........
-3
bom.bon
2015-04-14 12:54:57
Мурда да кылып жургон.шайлоо жакындаган сайын козубузго башкача коруно баштады оз пайдасы учун деп.бирок андай эмес атыга заты жарашкан партия болтат улгу ала турган!
+3
dina
2015-04-14 14:23:30
Ар жыл сайын шайлоо өткөрсөк эртерек буттан турат окшойбуз)))))
+1
bom.bon
2015-04-16 02:07:07
dina, оа онугобуз эгер митингсиз шайло болсо!
0
admin_portal
2015-04-15 10:20:58
chyngyz1992, саламатсызбы!
Техникалык катачылык кеткен. Азыр баары жайында. Дагы кайталанса купуя кат аркылуу кайрылсаңыз.
0
temirov76
2015-04-15 19:35:37
Бул партия шайлоо пайлоосуз эле мурдатан элге жардам берип келе жатканын коп жолу окугам.
0
asker
2015-04-15 21:07:38
Кылса да көрө албайбыз го чиркин, мындай ишти 2-3 жылдан бери кылып жатат го...
0
football1
2015-04-15 23:49:36
Жакшылык кылганы сооп иш дечи ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-04-16 10:35:08
football1,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарийлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
AbdiMitalMagamedAliBektur
2015-04-16 00:34:32
Шайлоо алдын эмес дайым эле элге жардам бергенин коруп деле угуп деле атабызго
башка партияларчы эмне жасашты акчалай агитация баштайт бир ай калганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан