Турсунбай Бакир уулу "акыл жактан мурунку муундан артта калдык" деди

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу мектептерге жыныстык билим берүү программасын киргизүү жана карын энеликке уруксат берүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы. Парламенттин 15-апрелдеги жыйынында депутат буларды айтты:
"Батыштын саясатына баш ийгени жатабыз, мындай мыйзамдын таптакыр кереги жок. Эмне ата-бабаларыбыз карманып келген жолдон кайтабызбы? Алардан кыйын болуп кеттикпи? Андай эмес, керек болсо акыл жактан улуу муундан артта калдык. Муну динге такай берүү туура эмес, батыштын баалуулуктарын пропагандалоо жүрүп жатат. Эми окуучуларга кантип жыныстык катнашка баруу керектигин үйрөтүү гана калды эле". 
Аталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан