Демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, түнкү мезгилде 22:00дөн 06:00гө чейин
иш-чараларды
балдардын катышуусу менен жүзөгө ашырган мыйзамдуу өкүлдөрдүн же адамдардын
коштоосу жок балдар жүргөн коомдук жерлерге төмөнкүлөр кирет:
- көчөлөр, стадиондор, сейил бактар, скверлер;
- жалпы колдонуудагы транспорт каражаттары;
- балдар жүргүнчү болуп саналган учурлардан тышкары бекеттердин, аэропорттордун аймактары;
- алардын аймагына жакын жайгашкан суу көлмөлөрү;
- көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн жалпы колдонуудагы жерлери, көп батирлүү турак жай үйлөрүнө жакын жайгашкан аймактар, анын ичинде балдардын спорттук аянтчалары;
- мыйзам менен белгиленген тартипте алкоголдук продукцияларды, сыраны жана анын негизинде даярдалган суусундуктарды чекене сатууну ишке ашыруу каралган соода чөйрөсүндөгү жана коомдук тамактануу (уюмдар же пункттар), оюн-зоокторду, эс алуулар (анын ичинде оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, сауналар) үчүн арналган юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объектилери (аянттары, баш пааналары);
- Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакка мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо объектилери: интернет-кафе, интернет-клубдар.
Талкуунун жыйынтыгында бул мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.