ЭЛДИК КАБАР: Ысык-Көлдө жол кырсыгы болгон жерге “Тез жардам” 40 мүнөттөн кийин келди

Ысык-Көлдө жол кырсыгы болгон жерге “Тез жардам” 40 мүнөттөн кийин келди. Бул тууралуу 15-апрелде окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

Жол кырсыгы 13-апрель күнү саат 14:00 чамасында Кашат деген айылда болгон. Анда 16 жаштагы бала атасынын унаасы менен менин унаамды сүзүп алып, анын кесепетинен 6 адам жабыркаган. “Тез жардам” чакырган элек, ал 40 мүнөттөн кийин келди. Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жабырлануучуларды алып барсак, дарыгерлер кайдыгер мамиле жасашты. Апамдын колун “эч нерсе болгон жок” деп таңып коюшуптур, Бишкектен кароодон өткөндө колу сынган болуп чыкты. Ошондой эле жол-кайгуул кызматкерлери да тиешелүү экспертизаларды өткөрүшкөн жок”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nursultan1
2015-04-15 13:31:21
Чындыгында биздин тез жардам кызматкерлерибиздин абалы техникалык жактан анча жакшы эмес, ошол себептен дагы кечирек келсе керекта, анын үстүнө район борборунан айыл алыс болушу дагы мүмкүн
+4
ularik_kg
2015-04-15 13:45:02
Кыргызтандын адамдарыда жооп керчилик жок. Чакыргандан кийин оз убагында келиш керек. Бироону жаны ошолорго аманат болуп калат да.
+2
aiba_00
2015-04-15 14:28:06
Акыркы убакта Чолпон Атанын врачтарын элдер коп жамандашат го, кош конул мамиле кылышат деп.
0
jirgalb
2015-04-15 14:43:42
келбейт Азыр ишенбегиле
0
lady.girl7997
2015-04-15 15:49:23
Чындыгында ошондой менда да ушундай окуя болгон жарым сааттан кийин келишкен а мен олуп калышыма аз калган
0
uulay
2015-04-15 15:58:40
Бизде тез жардам деген эле аты болбосо ташбака эле жардам.Ал келгиче кеткени кете эле берет. Ошондуктан тез жардам кутпой эле озундун унаан мн аракет кыла бериш кк.
+2
sabyr1977
2015-04-15 16:59:34
Кыргызбызда:Беш мунотто барам дедимго.Эмне еле ар жарым саат сайын чалып атасынар?Деген анегдотубузда барго.
0
bom.bon
2015-04-16 02:14:30
Келиптирам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан