Жогорку Кеңеш: Коалициялык көпчүлүк "Кумтөр" маселесин кароого дагы мөөнөт сурады

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк "Кумтөр" маселесин кароого дагы мөөнөт сурады. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, коалициянын башчысы Феликс Куловдон тиешелүү кат түшкөн. "Бул маселени башында коалициялык көпчүлүк карап, бир пикирге келгени туура. Өкмөттүн маалыматы бардык парламенттик комитеттерге жана депутаттарга таратылган. Кийинки аптада комитеттер аны карай алат",- деди Жээнбеков.
Буга чейин депутаттар "Кумтөр" маселесин бүгүнкү күндүн кароосуна киргизүүнү сунушташкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан