Бүгүн ЖКнын кезектеги жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн кышка даярдыгы жөнүндө маалымат берип жатып: "Быйыл техникалык абалдарга жараша электр энергиясын өчүрүү болот",- деп билдирди. Депутат Дастан Бекешевдин газ тууралуу суроосуна: "Ал эми газ маселеси боюнча, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин гана газ берүү маал-маалы менен өчүрүлөбү же жокпу, билинет",- деди Тайырбек Сарпашев.