Токмокто өткөн "Ата Мекен" партиясынын конференциясына 300дөн ашуун делегат катышты

Токмок шаарында "Ата Мекен" партиясынын конференциясы өттү. Ага 300гө жакын делегат, парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева баштаган "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Наталья Никитенко, Туратбек Мадылбеков жана депутат Бахадыр Сулайманов катышты. 
"Конференциянын жүрүшүндө "ата мекенчилер" партиянын мындан аркы ишмердүүлүгүн, сунуш-пикирлерди талкуулашмакчы",- деп маалымдайт партиянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, конференциянын алкагында партиянын облустук конференциясына бара турган делегаттар шайланды. Мындан сырткары өлкөдөгү социалдык экономикалык маселелер да депутаттар менен токмоктуктардын негизги темасы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө "ата мекенчилер" партиянын активдүү мүчөлөрүн баалуу белектер менен сыйлашты.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asa0033
2015-04-21 12:57:45
Алга Ата Мекен!!!
0
beka1207
2015-04-21 19:37:50
Ата мекенге жан кирген го)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан