Конференциянын жүрүшүндө партия лидери өлкө аймагындагы саясий кырдаалга токтолсо, Бактыбек Калмаматов "Ата Мекен" жаштардын партиясына айланып бара жатканын белгиледи. Мигранттар туурасында сөз сүйлөгөн Алишер Мадамбеков "Ата Мекен" партиясы тарабынан сунушталып жаткан мигранттар жөнүндөгү мыйзам долбоорун кубаттап, бул мыйзам долбоору аркылуу 100 миңдеген мигранттын көйгөйү чечиле тургандыгын маалымдады.
Конференциянын соңунда партия лидери шаардык уюмдун активдүү мүчөлөрүн, партиянын Ардак грамотасы менен сыйлады.
Белгилей кетсек, мындай конференциялар буга чейин республиканын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын райондорунда өткөрүлгөн. Учурда жолугушуулар өлкөнүн башка аймактары боюнча уланып, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын республикалык курултайына даярдыктар кызуу жүрүүдө.