"Ата Мекен" партиясы облустук конференцияларды өткөрүүгө даярдык көрүүдө

"Ата Мекен" социалисттик партиясынын райондук конференциялары аяктап, облустук конференцияларды өткөрүүгө даярдыктары башталды. Өткөн аптанын аягы менен "Ата Мекен" партиясынын райондук бөлүмдөрүндө конференциялар болуп өттү. Анын натыйжасында Аламүдүн, Ысык-Ата, Ноокат, Лейлек, Чүй райондорунда, Кызыл-Кыя, Токмок шаарларында партиянын облустук конференцияларына делегаттар шайланды.
Райондордо өткөн конференцияларда залга эл жык толуп, жападан-жалгыз эл деп күйгөн партия өкүлдөрүнө өздөрүнүн арыз-арманын, көйгөйлөрүн айтышты. Партиялык түзүлүштөгү оош-кыйыштар жөнүндө, коомдо болуп жаткан кемчиликтер туурасында ойлор ортого салынды. Айрыкча өлкөдөгү коррупция, жаштардын бийлик түзүмдөрүндө аздыгы, аялдардын көйгөйлөрү сыяктуу маселелер көп көтөрүлдү.
Өлкө аймагында болуп өткөн конференцияларда жергиликтүү көйгөйлөрдөн тартып республикалык масштабдагы маселелер, мыкты идеялар, алгылыктуу иштер ортого салынып, аларды чечүүнүн жолдору да сунушталды. "Ата Мекен" социалисттик партиясы эми алдыда болуучу облустук, республикалык конференцияларын өткөрүүгө кызуу даярдыктарды көрүүдө. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurzat8787
2015-04-23 00:41:22
Ата-мекен алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан