Бишкекте АИ-92 бензининин баасы 36 сомго көтөрүлдү
Бишкек шаарындагы май куюучу жайларда бензиндин баасы көтөрүлдү. 22-апрелге карата АИ-98 - 44 сом, АИ-95 - 41 сом, АИ-92 - 36 сом, АИ-80 - 32 сом, дизель майы 38 сомго чыкты. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 1 сомго жогору. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 - 39 сом 50 тыйын, АИ-92 - 34 сом 80 тыйын, АИ-80 31 сомдон сатылууда.