“Каркыра-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайы 1-майдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган өткөрүү жайы 31-октябрга чейин унаалардын өтүүсү үчүн саат 08:00-18:00 аралыгында ачык болот.
Айта кетсек, “Каркыра-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.