Кожобек Рыспаев нике келишимин түзүү демилгеси боюнча: "Сүйүү-күйүү кайда кетти?"

Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында никеге турууну каалаган жарандардын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралууда.
Талкууда депутат Кожобек Рыспаев нике келишимин түзүү батыштан келген үлгү экенин айтып, кыргыздын аң-сезимине дал келбей турганын айтты.
"Жаштардын ортосундагы сүйүү кайда кетти? Ээрчишип басуу, гүл берүү, сүйгөнүн үйүнө чейин жеткирүү деген нерселер жоголдубу? Демилгеленип жаткан мыйзамдын эмне кереги бар? Же мыйзам менен жаштарды сүйдүргөнү жатасызбы? Кыргыздар илгертеден бери эч кандай келишимсиз эле баш кошуп келишкен. Аталган мыйзам Кудайга ишенбеген Европанын аң-сезимине туура келет. Бизде андай болбош керек",- деди Рыспаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан