* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев Фрунзе шаарында туулган. Ташкенттеги Мамлекеттик консерваторияны бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солист болуп кирген. Искусство институтунда окутуучу болуп эмгектенген.
Консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучулардын биринчи сынагынын лауреаты болгон. Миландын Ла Скала театрында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчилигин өркүндөткөн. Ал көптөгөн операларда башкы ролдорду аткарган. Концерттик программалар менен чыккан, Москванын Чоң театрынын сахнасында, Санкт-Петербургдун Академиялык опера жана балет театрында ырдаган.
Болот Миңжылкыев эл аралык, Бүткүл союздук сынактардын катышуучусу жана Бүткүл союздук Ленин комсомолу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Ырчы тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үнү менен дүйнөнүн көп жеринде таанылган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
Болот Миңжылкыев 2000-жылы 60 жашка караган курагында көз жумган.

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы
SUPER.KG порталы "Медиа-портал" бөлүмү менен толукталган. Бул күндөн тартып гезиттин интернет мейкиндигиндеги окурмандары жаңы ырлар, клиптерди өз убагында угуп, көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы илимпоз, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти
Алтай Бөрүбаев “The Name in Scince” ардактуу титулунун ээси болгон. Дүйнөлүк илимге кошкон салымы үчүн А.Бөрүбаевдин ысымы дүйнөлүк илимпоздордун тизмегине кошулган. Сыйлык тапшыруу аземи Улуу Британиянын Лондон шаарында болуп, ага дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн келген таасирдүү коомдук уюмдар, адистик жана чыгармачыл бирикмелердин өкүлдөрү катышкан.

* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы Орусиянын алгачкы президенти
Борис Ельциндин ден соолугу кескин начарлап кетип, 76 жаш курагында дүйнө салган.
Борис Ельцин 1931-жылы 1-февралда Сибирдеги алыскы айылдардын биринде туулуп-өскөн. 30 жашында Коммунисттик партияга мүчө болуп кошулган Борис Ельцин өзү туулган Свердловск облусунда улам бир партиялык тепкичке көтөрүлүп отуруп, 1985-жылы ал кездеги КП БК төрагасы Михаил Горбачёвдун колдоосу астында Москвага келген. Москва шаардык компартия башчысы болуп туруп, 1987-жылы Компартиянын Борбордук комитетинин мүчөлөрүн ачык сындап, жыйындан чыгып кетип, кызматынан бошотулган. Бирок 1990-жылдын май айында Орусиянын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланып, андан бир ай өтүп-өтпөй СССРдин алкагында Орусия көз карандысыздыгын жарыялаган. Кийинки айда Ельцин Компартиядан чыгып, бир жылдан кийин ал Орусиянын алгачкы президенти болуп шайланган. Анын бийлиги тушунда Орусияда эки жолу мамлекеттик төңкөрүш боло жаздап, Чеченстанда эки ирет согуштук аракеттер башталган.
Элдин баары 2000-жылды тосууга камданып жатканда күтүүсүздөн өз бийлигин Владимир Путинге өткөрүп берип баса берген. Борис Ельцин андан кийин Москванын четиндеги мамлекеттик дачада жашаган. Ал көптөн бери жүрөк оорусунан жабыр тартып, татаал операция да жасаткан.
Борис Ельцин башкарган жылдар Орусия тарыхындагы эң татаал, опурталдуу учурлардын бири болгону алгачкы президент көз жумган соң анык сезилген.