Жогорку Кеңеште Жоомарт Оторбаев 2014-жылда аткарган иштери тууралуу маалымат берип жатат
Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги отурумунда өкмөттүн 2014-жылы аткарган ишинин жыйынтыгы каралууда. Жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баяндамасы угулууда. Оторбаев 2014-жылы өкмөт бир катар кризистик абал менен күрөшкөнүн айтты. "Буларга чек ара маселелери, кен казуу иштери кирет. Коюлган пландардын баары аткарылды дегенден алысмын, анткени бир катар маселелер жай чечилип жатты, бирок ийгиликтүү жүрдү",- деди Оторбаев.