"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов Ош шаарынын жаштары менен жолугушту

Бүгүн, 23-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов Ош шаарындагы окуу жайлардын студенттери жана "Ата Мекен" партиясынын Ош шаарындагы жаштар канатынын мүчөлөрү менен жолугушту. 

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов баш болгон жаштардан турган топ үймө-үй кыдырып "Ата Мекен" фракциясы тарабынан демилгеленген видеобайкоо жөнүндөгү мыйзам долбоору менен шаар тургундарын тааныштырды. "Бул мыйзамдын мааниси эмнеде жана мыйзам өтүп калса эмне өзгөрөт? Калкка кандай таасирин тийгизет?" деген сыяктуу суроолор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору үч окуудан кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жиберилген. Учурда бул мыйзамга президент каршы пикирин билдирип, мыйзамды кайра карап чыгуу максатында жумушчу топ түзүлгөн. 

Жолугушуу NDI уюмунун көмөгү менен уюштурулду, жолугушуунун негизги максаты Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгүн элге жакындан тааныштыруу болуп саналат.  


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан